Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР ЖОЖдорунун арасында “Менин тандоом – менин укугум” деген темада QUIZ болуп өттү
07 февраля 2019
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК тарабынан КМЮАнын “Укук өнөрканасы” Инновациялык-укук борбору менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу алдында КР ЖОЖдорунун студенттеринин ортосунда “Менин тандоом – менин укугум” деген темада QUIZ өткөрүлдү.
Жигердүү студенттер үчүн эстүүлүк жана кызуулук менен атаандашуунун атмосферасындагы курч оюн болду.
7 команданын ортосундагы интеллекттик “кармашуулар” динамикалык форматта өттү. Оюн ар бири эрудицияга, логикага, интуицияга, кунт коюуга жана юморго эсептелген 5-9 суроодон турган 7 турду түздү. Ар бир раунд жаңы форматта – шайлоо укугунун чөйрөсү, шайлоо процессинин этаптары, шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү колдонуу менен жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү боюнча сүрөттөр, видео, аудио-фрагмент жана блиц түрүндө уюштурулду.
Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты жаш шайлоочулардын өздөрүнүн конституциялык укугун билүүсүн жана түшүнүүсүн аныктоо, ошондой эле мекенчилдикти калыптандыруу болуп саналат.
КМЮАнын “Максимум” командасы жеңип чыгып, эстелик байгесин алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында QUIZдин бардык катышуучуларына эстелик белектер тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
