Шайлоонун эл аралык күнүнө карата КР БШК АЭУну колдонуу менен Эл аралык АЛА-ТОО университетинин инженерия жана информатика факультетинин Президентин шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөттү

07 февраля 2019

Шайлоонун эл аралык күнүнө карата КР БШК IFES менен биргелешип АЭУну колдонуу менен Эл аралык АЛА-ТОО университетинин инженерия жана информатика факультетинин Президентин шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөттү. Студенттердин арасынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү күн мурунтан окутулуп, шайлоо процессинин этаптары, добуш берүү жол-жоболору тууралуу инструктаждан өткөрүлдү.

2 студент -  Абыкова Айжан жана Надирова Зухра өз талапкерлигин көрсөтүп, студенттердин арасында бир жума үгүт иштерин жүргүздү. Шайлоо процессинин этаптары – талапкерлер ортосундагы шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүккө чүчүкулак, аудитория алдында дебаттар өткөрүлүп, бардык эрежелер сакталды жана үгүт иши жүргүзүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Надирова Зухра көп добуш (78 добуш) алды. Шайлоочулардын тизмесине 394  студент киргизилип, алардын 176сы добуш берди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү