Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктоосу
07 февраля 2019
Урматтуу кесиптештер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана тутумдук администраторлор!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктайм!
Ак ниет жана кесипкөй ишиңиздер, жарандык милдеттериңиздерди чоң жоопкерчилик менен аткарып жатканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын ырааттуу, мыйзамдуу жана ачык иши бардык деңгээлдеги шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык демократиялык стандарттарга толук ылайык жаңы шайлоо технологияларды пайдалануу менен өткөрүүнүн чечүүчү фактору болуп калды.
Сиздердин компетенциялуулугуңуздар, ыкчамдыгыңыздар, туруктуулугуңуздар жана милдетке үлгү болорлук берилгендигиңиздер менен коштолгон ишиңиздер мындан ары дагы биздин өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана шайлоо тутумун өнүктүрүүнү камсыздамакчы.
Шайлоо тутумун жакшыртуу боюнча реформанын алкагында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан “2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы” жана аны жүзөгө ашыруу боюнча план жактырылды. Аны ишке ашыруу жарандардын шайлоо укуктарын сактоону өркүндөтүү, талапкерлерге жана саясий партияларге тең шарттарды түзүү, Кыргызстанда эркин демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн чоң негиз болуп калууга тийиш.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерге кесиптик иште чыгармачыл демилгелерди, чың ден соолук жана үй-бүлөдөгү бакубат жашоону чын дилибизден каалайбыз.
Төрага Н.Шайлдабекова








