Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгарган КР БШКнын токтомун сот мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты

05 февраля 2019

БШКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Э.Ш. Досиевдин макул болбогондугуна байланыштуу “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын А.Х. Парпиевге (тизмедеги №12) өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2019-жылдын 31-январындагы №7 токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө А.Х. Парпиевдин арызы боюнча 4-февралда сот болуп өттү.

Мында БАШК чечим кабыл алуу учурунда Э.Ш. Досиевдин бош мандатты “кезексиз” талапкерге өткөрүп берүүгө макул эместиги тууралуу арызын көңүлгө алган эмес.

Талапкердин бош мандатты ээлөөгө кезектүүлүгүн өткөрүп берүүгө  макулдугусуз ал мандатты башка талапкерге өткөрүп берүү менен кезектеги талапкердин шайланууга конституциялык укугу бузулган.

2016-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкек шаардык кеңенишен  8 мандат алган. Э.Ш. Досиев тизмеде №8 менен катталган жана 2016-жылы шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга анын укугу бар болгон. Бирок Э. Досиевдин айтуусу боюнча анын макулдугу менен №8 кезектүүлүгү №10го өзгөртүлгөн (Бишкек АШК тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган).

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 52-беренесиндеги чечмелөөнүн (талапкердин макулдугу жөнүндө) жоктугу партия тарабынан талапкерлер менен шайлоочулардын шайлоо укуктарын бузуп, бул ченемди каалагандай пайдаланылышына жол бербөөгө тийиш.

 Бош мандатты “кезексиз” талапкерлерге өткөрүп берүү өзүнүн укуктук мазмуну боюнча катталган талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүктү өзгөртүү болуп саналат. Кезектүүлүктү өзгөртүү шайлоо мыйзамдарында кезектүүлүгү өзгөртүлүп жаткан талапкердин макулдугунун бар болушунун милдеттүүлүгүн белгилейт.

Сот БШК сыяктуу эле, бош мандатты өткөрүп берүү тууралуу чечим тизме боюнча талапкердин (Э.Ш. Досиевдин - №10) партиянын сунуштамасы боюнча талапкерлердин тизмесиндеги орунга (кезектүүлүк) башка талапкердин (Парпиев А. Х. - “№12”) талапкерленгенине макулдугун (макул эместигин) эске алуу менен кабыл алынышы керек эле деп эсептейт.

Ошентип, Бишкек ш. район аралык соту КР БШКнын токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты жана А.Х. Парпиевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү