КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча үчүнчү семинар өткөрүлдү
19 октября 2018
2018-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсында “Мамлекеттик кызматчыларда коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандыруу” деген темада семинар болуп оттү.
КР БШКнын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Исмаилова Ч.С. кызматкерлер коомчулук тарабынан коррупциянын көрүнүшү катары кабыл алынган жүрүм-турумга - пара берүүгө убада кылууга, пара берүүнү сунуштоого, пара алууга макулдук берүүгө жол бербөө тууралуу айтып берди.
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлерине пара талап кылуунун кыйыр белгилери, ошондой эле айлана-чөйрөдөгүлөр тарабынан пара берүү жөнүндө өтүнүч (каңкуулоо) катары кабыл алынчу сөздөр жана жаңсоолор келтирилди.
Терс кесепеттердин алдын алуу үчүн мамлекеттик кызматчыларга кесиптештер, уюмдардын өкүлдөрү, башка жарандар менен сүйлөшүү манераларына, мисалы, айлана-чөйрөдөгүлөр тарабынан пара берүү убада же сунуш ж.б. катары кабыл алынчу жүрүм-турумга жол бербөөгө көңүл бурулду.
КР БШКнын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу фактылары боюнча кабарлоонун маанилүүлүгү тууралуу, мамлекеттик органдын жетекчилигине кабарлоонун тартиби жана таризи, республиканын укук коргоо органдарына кабарлоонун тартиби жөнүндө маалымат берди.
Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана ОЭСР өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарындагы коррупция жана аны жоюу боюнча иштер тууралуу көрмө роликтердин сюжеттери корсөтүлүп, талкууланды.
Аппаратын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ОЭСРдин коррупциянын алдын алуу боюнча Стамбул планын байкоо жүргүзүүсүнүн 4-раундунун Отчетундагы сунуштамалар жөнүндө маалымат берилди, алар:
- Улуттук жана ведомстволук деңгээлдерде коррупцияга каршы аракеттердин жаңы стратегиясын жана пландарын кабыл алуу жөнүндө;
- коррупцияга каршы агартуу жана окутуу боюнча натыйжалуу ишти өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө;
- мамлекеттик кызматчыларды кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана кызыкчылыктарды айкындоо маселелери боюнча үзгүлтүксүз жана тажрыйба жүзүндө окутуу жөнүндө;
- кирешелерди жана мүлктөрдү айкындоо жөнүндө;
- ведомстволук этика кодекстерин иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды этика маселелери, жүрүм-турумдун этикалык стандарттарын сактоо боюнча окутуу жөнүндө.
Семинардын аягында КР БШКнын кызматкерлеринин арасында жүргүзүлгөн купуя анкетанын жыйынтыктары чыгарылды. Анкетада 15 маселе каралып, алардын ичинде төмөнкүдөй суроолор коюлган эле:
- КРдин шайлоо тутумунда коррупция барбы?
- КР БШКдагы коррупциянын деңгээли кандай?
Мындан тышкары, БШКнын кызматкерлери орустун улуу реформачысы Биринчи Петрдун жүргүзгөн бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга каршы күрөшү жөнүндө тарыхый маалымат алышты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү