Башкы Жаңылыктар 30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү

30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү

30-Окт, 2011

Бүгүн, 2011-жылдын 30-октябры Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык, республика боюнча 2289, республикадан тышкары – 29 участкалык шайлоо комиссиялары ачылды. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8:00дөн 19:00гө чейин өткөрүлө тургандыгын эскерте кетмекчибиз.

Төмөндө 2011-жылдын 30, 31 – октябрында КР БШК төрагасынын жана мүчөлөрүнүн КТРК нынтүз эфирине чыгуу графиги берилет

 

2011-жылдын 30, 31-октябрында КР БШК төрагасынын жана мүчөлөрүнүн КТРКнын түз эфирине чыгуу

Графиги

30.10. 2011г. , 08:00 – КТРКнын алып баруучулары  Алмазом  Касымалиев (кырг.тил.) жана Галина Байтерек (орус тил.) менен түз эфирин ачуу

8: 02

30.10.2011

КР БШК төрагасы Т.Абдраимовдун шайлоочуларга кыргыз жана орус тилдеринде кайрылуусу

 

8:20

30.10.2011

Жабуу

 

10: 00 

30.10.2011

Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат, КР БШКнын мүчөсү Ж.Б.Бапанова

 

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

13:00

30.10.2011

 

Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат, КР БШКнын мүчөсү, төраганын орун басары А.Т.Шайымкулова

 

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

16:00

30.10.2011

 

Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат, КР БШКнын мүчөсү Г.М.Баатырова

 

 

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

 

20.00

30.10.2011

 

Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат, КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

24:00 30.10.2011

 

Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө чет жерде добуш берүүнүн эсебин алуу менен маалымат, КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов

 

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

08:00

31.10.2011

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимовдун пресс-конференциясы

«Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>