Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

23 апреля 2018

2018-жылдын 22-апрелинде, Календардык планга ылайык 2018-жылдын 13-майына дайындалган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерди.

Кыргыз Республикасындагы айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоого катышуу үчүн 171 талапкер катталды, алардын ичинен:

- Ош обусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешине – 88 талапкер,

- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешине – 55 талапкер;

- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбеков айылдык кеңешине – 28 талапкер.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо аякталгандан кийин, же 2018-жылдын 23-апрелинен башталып, добуш берүү башталаарга 24 саат калганда, же 2018-жылдын 12-майында 8.00дө токтотулат.

КР БШК аппаратынын маалымат кызматы