КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

24 апреля 2018

2018-жылдын 24-апрелинде КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чоң-Алай, Таш-Көмүр жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

-Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Н.Сейитбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Калбаевге өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутаты Т.Колоев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – И.Боронбаевге өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин “Табылга” депутаттык фракциясынан депутат К.Ишембиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Бейшембиевге өткөрүлүп берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү