Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
24 апреля 2018
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ №93 Жарлыгы менен “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, башка ишке өтүү же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабоо, депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болуп калат. Жогорудагылардын негизинде, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтом кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
