КР БШК мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери Азербайжан Республикасынын Презинденттик шайлоосуна эл аралык байкоочу катары катышты
15 апреля 2018
Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасынын орун басары А. Бекматов жетектеген КР БШКнын делегациясы 2018-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоочу катары катышышты.
2018-жылдын 12-апрелинде, Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу КМШдан байкоочулардын Миссиясынын ишинин жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияга катышкан А. Бекматов шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн эң жогорку деңгээлин, шайлоочулардын жогорку уюшкандыгын, катышуусун, олуттуу сын пикирлердин болбогондугун баса белгиледи. Шайлоо участкаларында видео камералардын коюлушу шайлоо процессинин таза жана ачык өтүшүнө, республиканын жарандарынын ишенимине өбөлгө болду.
Ошондой эле, байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШ Аткаруу Комитетинин Төрагасы С. Лебедев билдиргендей, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоолор конкуренттик негизде, эркин жана ачык айкын болуп, Азербайжан Республикасынын Конститутциясына жана шайлоо Кодексине ылайык өткөрүлдү.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Эшимов жана БШКнын мүчөсү Б. Кадыров ШКУнун курамында, ошондой эле БШКнын аппаратынын кызматкерлери ТТМККнин байкоочуларынын курамында катышышты.
Шайлоолор шайлоо уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптеринин алкагында өткөрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү




