Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 7-апрель - элдик ревоюция күнүнүн 8 жылдыгы карата куттуктоосу

06 апреля 2018

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди 7-апрель - элдик ревоюция күнүнүн 8 жылдыгы менен куттуктайм!

2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз эли  зомбулукка,  үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп  мыйзамдуулук, Мекен, элдин келечеги, туруктуу өнүгүү, адилеттүүлүк, тынч жашоо үчүн чечкиндүү кадамга барышты.   

7-апрелдеги элибиздин  эрдигинин аркасы менен Кыргызстан эркин, демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз ондогон жылдарга тете жолду басып өтүп, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айландык.Үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбей, бийлик бир ууч топтун колуна кармалбай, шайлоолордун таза жана акыйкат өтүшү буга мисал боло алат.

Биздин максат Кыргызстандын эртеңи үчүн кара жанын аябай окко учкан, жаракат алган  мекендештерибиздин үмүт-тилегин актап, жакшы жашоону камсыздоо менен  мамлекетибизди өнүктүрүү. 
Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт, ийгиликтерди каалайм!

Терең урматым менен,                                     Н.Шайлдабекова