КРнын БШКсы Бишкек, Ысык-Ата жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти
06 апреля 2018
2018-жылдын 6-апрелинде, КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Ысык-Ата жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
-Бишкек шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” депуттатык фракциясынын депутаты Д. Маткасымов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Апсатар уулу Айжигитке өткөрүлүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги “Табылга” депуттатык фракциясынын депутаты Э. Исмаилакунова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Арыкбековго өткөрүлүп берилди;
-Чүй облусунун Кант шаардык кеңешиндеги “Ак-Шумкар” депуттатык фракциясынын депутаты А. Орозобекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Л. Дедковага өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
