КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

04 апреля 2018

2018-жылдын 4-апрелинде, КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Тактап айтканда:

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат М. Ныязбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ч. Абдумомуновго өткөрүлүп берилди.

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңешиндеги депутат Б. Садыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Жумабаевге өткөрүлүп берилди.

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешиндеги депутат Т. Кулакунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Абдразаковага өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык кеңешиндеги депутат М. Дуйшекеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шейшенбек уулу Аязбекке өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат Р. Абакиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Солтонкуловго өткөрүлүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү