Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

04 апреля 2018

2018-жылдын 4-апрелинде КР Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 29-мартындагы № 66-т буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кыдырбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 23-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Ак-Суу  аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү