КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30 марта 2018
2018-жылдын 30-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
-Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан депутат П. Аблабеков соттолгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Джумабаевге өткөрүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “Ата-Мекен” саясий партиясынан депутат Т. Бакиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Мамытовго өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
