Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
30 марта 2018
2018-жылдын 30-мартында КРнын БШКсы 2018-жылдын 27-мартындагы өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдорун бекитти. Ушул протоколдордун негизинде Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Кубат уулу Таалайбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
