КР БШКнын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү

27 марта 2018

2018-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Бишкек АШКнын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомунун алкагында жүргүзүлө турган кыргыз-тилин билүү деңгээлин аныктоого багытталган тестке даярдык көрүү үчүн «Кыргызтесттин» алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү. Тестти «Кыргызтесттин» көчмө тобунун кызматкерлери жүргүзүп, баардыгы болуп 50 кызматкер катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты. 2018-жылдын апрель айынан тарта бул тестти мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө тапшырып, керектелүүчү 60% көрсөткүчтөн жогорку баллды топтогон кызматкерлер тесттен өттү деп табылат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү