Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Нооруз майрамына карата куттуктоосу

20 марта 2018

Сиздерди улуу Нооруз майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!

Күн менен түндүн теңелиши, жер жарылып байчечекейдин башбагышы,  баба дыйкандын үрөн себиши, тирүүлүктүн уланышы, жакшылыктын, молчулуктун, токчулуктун башаты болгон  Нооруз майрамы сабырдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү, кубанычты, тазаланууну, мээримдүүлүктү, терең ишенимди жана ынтымакты чыңдаган улуу майрам.

Ушул жыл элибизге ынтымак, жергебизге кут, береке, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай, бекем ден соолук алып келсин!

Терең урматым менен,                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА