Б.Дыйканбаевдин КР БШКга талаптары боюнча маселе

13 марта 2018

22-февралда КР БШКга Б.Ж.Дыйканбаевден БШКнын 14.10.2015-ж №147 Чечимин, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдин бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча талабы менен арыз келип түшкөн.

Өз далилдерин негиздөөдө ал “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча жазылган арыз анын жеке өзү тарабынан толтурулбагандыгын” көрсөтөт.

Б.Ж.Дыйканбаевдин талаптарына караганда, ага 2015-жылдын 9-октябрында жеке өзү тарабынан жазылган арыздын көчүрмөсү берилген, ал арыздын негизинде 2015-жылдын 14-октябрында КР БШК аны “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.

2018-жылдын 22-февралында Дыйканбаев Б.Ж. Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна КР БШКга БШКнын 14.10.2015-ж №147 Чечимин, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдин бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча БШКга доо арызы менен кайрылган.

2018-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын Райондор аралык соту өз аныктамасы менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 7 жана 12-пункттарынын (Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт), КР АПКнин 201-беренесинин 4-пунктунун негизинде Б.Ж.Дыйканбаевдин арызын кабыл алуудан баш тарткан.

2018-жылдын 3-мартында Б.Ж.Дыйканбаев КР БШКга мурдагы эле талаптарына кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын адисинин корутундусун тиркеп, кайрадан кайрылды. Берилген корутундуда, талапкерлердин тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгаруу жөнүндө арызда Б.Ж.Дыйканбаевдин атынан коюлган кол тамга ал тарабынан коюлбаган деген жоромол жыйынтык көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу БШК Б.Ж.Дыйканбаевге мурда кабыл алынган чечимдер боюнча даттануулардын мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт, андыктан аны талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимди жокко чыгаруу мүмкүн эмес экендигин көрсөткөн түшүндүрмө жөнөтүлдү. Ал эми анын арызы жасалма экендиги жөнүндө далилдери боюнча, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу сунуш берилди, анткени КР БШК соттук жана укук коргоо органдарын өзү менен алмаштыра албайт.

КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет: КР БШКнын 14.10.2015-ж №147-Чечими “КР Предидентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР КМнын 65-беренесинин негизинде Б.Ж.Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен 9.10.2015-ж кол коюп, КР БШКга жеке өзү тапшырган арызынын негизинде чыгарылган, бул жөнүндө кириш документтерин каттоо журналында анын өздүк кол тамгасы коюлган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү