2018-жылдын 6-мартында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү

06 марта 2018

2018-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялар көрсөткөн аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан каралгандан ашыкча сунушталган саны боюнча чүчүкулак болуп өттү.

Чүчүкулакта Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.

Саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү АШКга документтерин тапшырды:

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясына – 10 саясий партия;

2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына – 7 саясий партия.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү сунушталат:

- “Замандаш”;

- “Ак шумкар”;

- “Улуттар биримдиги” элдик партиясы;

- “Мекеним Кыргызстан”;

- “Мекен Ынтымагы”,

- “Калыс”.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы, “Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы, “Туран” демократиялык партиясы жана “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталат.

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү сунушталат:

- “Туран” демократиялык партиясы;

- “Калыс”;

- “Замандаш”;

- “Мекен Ынтымагы”

- “Ата-Мекен”

- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталат.

Белгилей кетчү нерсе, жумушчу топ чүчүкулактын протоколунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү боюнча саясий партиялардын кезек тартибин КР БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусуна койот.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча протоколдун көчүрмөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү