Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Халмурзаев Абдимомун Саматовичке көңүл айтат

06 марта 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты КР БШКнын Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Халмурзаев Абдимомун Саматовичке атасы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Халмурзаев Саматтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөт.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү