Токмок шаарынын мэрин жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
03 марта 2018
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин жана Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды.
2018-жылдын 3- мартында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 1 мартындагы № 128 буйругу менен Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Шамыралиев Жыргалбек Джумадилович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2. Ош облусунун Ноокат районунун акиминин 2018 жылдын 1 мартындагы № 413 буйругу менен Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 17-мартына дайындалып, саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.
Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Токмок жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү