Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди

03 марта 2018

2018-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди:

2018-жылдын 20- февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу өтүп, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Укуеев Марлис Нуркасымович табылды.

2018-жылдын 6-февралындагы № 25 токтому менен 2018-жылдын 22- февралына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу өтүп, айыл өкмөт башчысы болуп Самсалиев Максат Темиралиевич табылды.

2018-жылдын 24- февралына дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу өтүп, С.Юсупова атындагы айыл өкмөт башчысы болуп Файзуллаев Шукирилло Хабибиллаевич табылды.

Бакай-Ата, Жумгал жана Араван аймактык шайлоо комиссия шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу жүктөлдү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү