КР БШК Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

03 марта 2018

2018-жылдын 3-мартында КР БШКнын  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады.
2018-жылдын 2-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ушуга байланыштуу  2018-жылдын  17- мартына саат 9:00дөн 12:00гө чейин Темир  айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү