КР БШК 2018-жылдын 28- январында өткөн жергиликтүү кеӊештердин шайлоосуна катышкан шайлоочулардын тизмесин расмий сайтына жарыялады
02 марта 2018
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 28 январында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосуна добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин КР БШК расмий сайтына жарыялады.
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык кеңеште жана 9 айылдык кеңеште өткөрүлгөн. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 87 132 шайлоочу киргизилип, анын ичинен 47.784 шайлоочу добуш берген. Бул шайлоочулардын 54.84% түздү.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоого катышкан шайлоочулардын
тизмелерин, бул ссылка менен көрө аласыз: https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-yanvar-2018/spiski-izbiratelej-prinyavshih-uchastie-na-mestnyh-vyborah-28-yanvarya-2018-goda/
Жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышкан шайлоочулардын тизмелери шайлоо өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жайгаштырылган.
Биринчи жолу добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоосунда жарыяланган.
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана шайлоо процессине коомчулуктун ишенимин бекемдөө максатында, бул тажрыйба баардык шайлоолордо колдонулат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
