Башкы Жаңылыктар Таш-Көмүр, Кара-Балта шаарларынын жана эки айыл өкмөтүнүн шайлоолору …

Таш-Көмүр, Кара-Балта шаарларынын жана эки айыл өкмөтүнүн шайлоолору дайындалды

21-Фев, 2018

Төмөндөгү шайлоолор дайындалды:

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүн шайлоо;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүн шайлоо.

2018-жылдын 20-февралында бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду дайындоо боюнча КР БШКнын токтому кабыл алынды.

2018-жылдын 19-февралында Жалал-Абад облусунун 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Сансызбаев Сулайман Самакович шайланды.

2018-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Жайыл районундагы 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Аалыев Алмаз Аалыевич шайланды.

2018-жылдын 19-февралында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Исмаилова Назгүл Карыбековна шайланды.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-февралындагы №3/3 буйругу менен Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Супаев Эмиль Бейшеналиевич өзүнүн берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэрлерин, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 7-мартына саат 9-00дан 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Таш-Көмүр, Жайыл, Ак-Талаа жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте өткөрүү тапшырылды.

Маалымдама:

КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, шаардын мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан алардын чакырылыш мөөнөтүнө жашырын добуш менен шайланат.

Шаардын мэрине талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри укуктуу.

Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш-стажысы бар, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарба жүргүзүүчү субъектилерде жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес иш-стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

Шаардын мэрине талапкерди каттоо үчүн шаардын мэрине талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттар фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;

4) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин, бул жобонун I бөлүмүндөгү 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш-стажысы бар экендигин тастыктаган документтер;

5) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин соттолбогондугун же мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу соттун чечими менен алынып салынгандыгы же жоюлгандыгы тууралуу маалым кат.

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүү тартибин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.

Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, талапкерди жылдырган Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ылайык келбөөчүлүк туурасында маалымдоого милдеттүү.

Талапкерди шаардын мэрине көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:

1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;

2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;

4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө;

Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутатттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Ошондой эле, КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан алардын чакырылыш мөөнөтүнө жашырын добуш менен шайланат.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким (мындан ары райондун акими) укуктуу.

Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш-стажысы бар, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарба жүргүзүүчү субъектилерде жетекчилик кызматта үч жылдан кем эмес иш-стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

Жасалган кылмышы боюнча соттуулугу бар, же мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттуулугу алынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи отурумунан 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн баштап 20 күндүн ичинде өткөрүлөт.

Борбордук шайло комиссиясынын төрагасы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жөнөтүүгө укуктуу.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акими, шайлоо күнүнөн 5 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) айыл өкмөтүнүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү же сунуштоо жөнүндө жазылган чечим;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;

4) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин, бул жобонун I бөлүмүндөгү 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш-стажысы бар экендигин тастыктаган документтер;

5) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалым кат, же соттуулугу алынып салынгандыгы же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы тууралуу соттун чечими.

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүү тартибин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.

Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акимине ылайык келбөөчүлүк туурасында маалымдоого милдеттүү.

Талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акими, маалыматты алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган райондун акимине, аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:

1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;

2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;

4) талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (айылдык кеңештин депутаттары, депутаты, райондун акими) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө;

Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштурат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуш кылган райондун акими бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө 2 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>