Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоо үчүн тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын көпчүлүгү катышуусу жетиштүү

17 февраля 2018

Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышуусу жетиштүү. Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамы КР Жогорку Кеңеши тарабынан 15-февралда кабыл алынып, 16-февралда КР Президенти тарабынан колдоого алынды (жарыяланды жана күчүнө кирди). Кабыл алынган КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолор, эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мурдагы редакциядагыдай үчтөн экиси эмес, көпчүлүк бөлүгү катышса шайлоо өттү деп табылат.

Бул өзгөртүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын (айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин) жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайлоодо пайда болуп жаткан терс натыйжалардын алдын алууга багытталган. Акыркы эки жылда 50 жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү, алардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоодо кворумдун жок болуп калгандыгынан жергиликтүү кеңешти таркатуунун натыйжасында болду. 2018-жылдын 28-январында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын акыркы шайлоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоодо бир нече ирет кворуму жок болуп калгандыктан КР Президентинин Жарлыгы менен таркатылган 9 жергиликтүү кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда шайлоолор орчундуу мамлекеттик финансылык каражаттардын жана адам ресурстарынын жумшалуусуна алып келди, а бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө терс таасир этет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларынын шайланбай калуусунун натыйжасында жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлөрү узак мезгил бою чечилбей калып жатты.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу максатында, бир топ жогорку юридикалык күчкө ээ болгон укуктук ченемдик актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” КР БШКнын Жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү