Башкы Жаңылыктар Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды

Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды

17-Фев, 2018

Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды:

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү;

- Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтү;

- Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтү;

- Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтү;

- Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай айыл өкмөтү;

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтү;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтү.

2018-жылдын 17- февралында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды.

2018-жылдын 13-февралына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өтпөй калды.

2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Каратаев Эмилбек Балтабаевич шайланды.

2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Кубалдиев Алмаз Медетович шайланды.

2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Омуров Рустам Курмангазиевич шайланды.

2018-жылдын 15-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Койчуманов Сталбек Урушбекович шайланды.

2018-жылдын 15-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Токомбаев Эржан Кемелович шайланды.

2018-жылдын 16-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Акимов Бекназар Таалайбекович шайланды.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 7-мартына дайындалды: Кара-Жыгач, Көк-Ойрок, Александровка, Кажы-Сай, Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин; Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 2- мартына дайындалды жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Аксы, Кемин, Москва, Тоӊ, Кара-Суу жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>