КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
17 февраля 2018
2018-жылдын 17-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Кара-Суу жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:
-Ош шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Ч. Аматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – ОшМУнун улук окутуучусу О. Абдрахмановго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу И. Мамажановдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – “Тажибай” дыйкан чарбасынын башчысы М. Маматкуловго өткөрүп берилди;
- Ош облусунун Ноокен районунун Ноокен шаардык кеңешиндеги “Республика” саясий партиясынан Х. Абдуллаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –“Фаят” дыйкан чарбасынын башчысы Р. Тешебаевге өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Ноокен районунун Кок-Жар айылдык кеңешиндеги И. Калбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктардын токтоттуу, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Жайыт комитетинин төрагасы А. Карабаевге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
