Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине жарандардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө үчүнчү айкын аналитикалык отчет

15 февраля 2018

Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине жарандардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө үчүнчү айкын аналитикалык отчет Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимди ишке ашыруунун алкагында “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө (DCI-ASIE/2015/038-149) – секторун реформалоо гранты” Программасы боюнча (мындан ары – Программа) даярдалды. Программа Европа Комиссиясынын чечими менен 2015-жылдын декабрында кабыл алынып, кыргыз тарап 2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол койгон. Кыргыз Республикасында демократиялуу шайлоо системасын куруу жана шайлоо процесстерине жана референдумдарга катышууга жарандардын максималдуу тартылуусу – Программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан этаптык иштердин жыйынтыгы болуп калуусу керек.

Үчүнчү отчетто Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди мындан ары жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстерине жарандардын жалпы инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын биргелешкен ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо берилген. Талдоо 2017-жылдын 15-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек жана Ош шаарлары, республиканын облустары боюнча бөлүнгөн, курак-жаш тайпаларын жана жынысын эске алуу менен даярдалган сандык көрсөткүчтөр боюнча даярдалган.
Үчүнчү отчет болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун (2015-жылдын 4-октябры), Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Референдумдун (2016-жылдын 11-декабры) натыйжалары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарыяланган Аналитикалык отчеттордун негизинде даярдалды. Үчүнчү отчет 2017-жылдын 15-октябрына карата түзүлгөн маалыматтарга негизделди.
Үчүнчү отчет БШКнын http://shailoo.gov.kg жана МККнын http://grs.gov.kg расмий сайттарына жарыяланды. Отчеттун кагаз түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана башка кызыкдар тараптарга берилди.

Тиркеме