Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 28-январындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо …

2018-жылдын 28-январындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттануулар жана арыздар боюнча отчет

14-Фев, 2018

2018-жылдын 28-январындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө 9 аймактык жана 56 участкалык шайлоо комиссиялары тартылган.

Борбордук шайлоо комиссиясында, Таш-Көмүр, Аксы, Жайыл, Кемин, Москва, Ак-Талаа, Кара-Суу, Араван жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларында шайлоо эркиндигин, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин конституциялык укуктарын сактоо жана ишке ашырууну камсыз кылууга кепилдик берүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын, башка органдардын жана уюмдардын иш-аракетине (аракетсиздигине) же чечимине каршы даттануу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында, шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынан түшкөн арыздарды, даттанууларды карап чыгуу үчүн Жумушчу топтор түзүлдү. Үгүт жүргүзүү процессинде жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарын сактоо, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо, шайлоочулардын аң-сезимдүү эркин билдирүүсүн жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында аталган шайлоо комиссияларында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтор түзүлгөн. Пайда болгон маселелерди ыкчам жөнгө салуу, табылган шайлоо мыйзамдарын бузууларды өз убагында четтетүү максатында арыз берүүчүлөр, тиешелүү жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттешүүгө жооптуу болгон шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана борбордук аппараттын кызматкерлери аныкталды.

2018-жылдын 28-январында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, аймактык шайлоо комиссияларына баары болуп 5 даттануу жана арыздар келип түштү. Шайлоолорду даярдоо мезгилинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына “Элдик-Народная” саясий партиясынан 2 арыз келип түшкөн. Биринчиси, “odnoklassniki.ru” социалдык тармагына жарыяланган маалымат боюнча болгон. Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбегендигине байланыштуу, ошондой эле бул нерсе шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынбай тургандыктан, арыз ээсине “жарыяланган маалыматты мыйзамда белгиленген тартипте ырастоо мүмкүнчүлүгү жок” деген жооп жөнөтүлдү. Экинчи арыз, Кара-Балта шаарында №7 “Ак-Шумкар” саясий партиясынын үгүт баннерлери алынбагандыгы жөнүндө болгон. Бул катар номер “Ак-Шумкар” саясий партиясына 2017-жылдын май айында болуп өткөн Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоо учурунда берилген болчу. Ал эми учурдагы шайлоодо чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча №7 катар номери “Элдик-Народная” саясий партиясына ыйгарылган. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаарынын мэриясына айтылган баннерлерди алып салуу боюнча кат жолдоду. 2018-жылдын 29, 31-январында Тоң аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз келип түштү. Эки арыз “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КУ байкоочусу З.Оторбаевадан Мамкаттоонун кызматкеринин жана Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн катчысынын иш-аракети боюнча. Биринчи арызды кароонун натыйжасында МККнын Тоң райондук башкармалыгы тарабынан МКК кызматкери-№3207 УШКнын операторуна эскертүү берилди. Ошондой эле Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн катчысына эскертүү берилди. Үчүнчү арыз Кажы-Сай айылдык аймагынын жашоочусу Н.Байгазиевадан айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин иш-аракети боюнча келип түштү. Арыздануучу билдиргендей, талапкер шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзгөн. Арызда көрсөтүлгөн далилдердин негизсиздигинен, Тоң аймактык шайлоо комиссиясы арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарды.

Белгилей кетчү нерсе, бир да арыз айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алган жок. Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок, кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордун протоколдорун бекитүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери белгиленген тартипте даттанылган жок.

Арыз жана даттануулардын реестри менен төмөнкү шилтеме боюнча тааныша аласыз: https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/claim/6/4/

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>