Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

12 февраля 2018

2018-жылдын 12-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Баткен шаардык, Кадамжай жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:

-Ош облусунун Араван районунун Нурабад айылдык кеңешиндеги И. Шамшидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктардын токтоттуу, аталган округда кийинки талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу, мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин мандат бош турат;

-Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан Давлятбек у. Ч. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Жайнаков атындагы музакылык драмтеатрынын артисти Б. Жамантаевага өткөрүп берилди;

-Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ш. Жороевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – “Карасаадак” дыйкан чарбасынын мүчөсү М. Абылгазыевге өткөрүп берилди;

- Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан М. Жусупов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – ЖЧК “Дентал-Сервистин” директору Ж. Киртеновго өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү