2018-жылдын 28-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын протоколу бекитилди

06 февраля 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 6-февралында КР БШКнын жыйынында, 2018-жылдын 28-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын протоколун карап, бекитти.

Кара-Балта шаардык кеңешине жалпысынан  8 саясий партия ат салышты.  31 мандат үчүн 7% барьерден 4 саясий партия өтүп, мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. “КСДП” – 33,33% (12 мандат);

2. “ЭлАман” – 21,08% (7 мандат);

3. “Мекеним Кыргызстан” – 19,95% (7 мандат);

4. “Элдик-Народная” – 15,8% (5 мандат).

Жалпы шайлоочулардын саны 24379, анын ичинен 14722 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 60,39% түзөт.

Ошондой эле, Таш-Көмүр шаардык кеңешине 7 саясий партия ат салышкан. Жыйынтыгында, жогорудагыдай эле  31 мандат үчүн 7% барьерди 5 саясий партия ашып өткөн. Бул жакта мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. “Мекеним Кыргызстан” – 30,3% (10 мандат);

2. КСДП – 24,7% (9 мандат);

3. “Ата-Журт” – 12,2% (4 мандат);

4. “Таш-Көмүр жаштары” – 11,2% (4 мандат);

5. “Өнүгүү-Прогресс” – 10,4% (4 мандат).

Жалпы шайлоочулардын саны 19658, анын ичинен 10561 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 53,7% түзөт

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү