КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
06 февраля 2018
2018-жылдын 6-февралындагы КР БШКнын отурумунда Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Шейшенов өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 22-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
