Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
06 февраля 2018
КР БШКнын 2018-жылдын 6-февралындагы отурумунда 2018-жылдын 26 -январындагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович табылды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
