КР БШК Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
06 февраля 2018
2018-жылдын 6-февралындагы КР БШКнын отурумунда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 4 токтому менен 2018-жылдын 2-февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 20 февралына саат 9:00дөн 12:00гө чейин Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
