Урматтуу коллегалар, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
01 февраля 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атыман Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоолордун күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!
Сиздердин ак-ниеттүү ишиңиздердин, жоопкерчиликтин жана жарандык милдеттин жогорку сезимдердин аркасынан Кыргыз Республикасында кыска мөөнөттүн ичинде ойдогудай жаңы шайлоо технологияларды колдонуу менен өтө маанилүү шайлоо реформа ишке ашырылды жана бардык деңгээлдеги шайлоолор ийгиликтүү өткөрүлдү.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялардын жөнгө салынган, мыйзамдуу жана ачык алып барган иши Кыргыз Республикасынын Президентин 2017-жылдагы шайлоосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык демократиялык стандарттарына ылайык өткөрүүнүн негизги факторлорунун бири болду.
Албетте, бул Сиздердин биздин өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн жана өнүгүүсүн камсыздоого кошкон ири салымыңыз.
Сиздерге бирдиктүү командалык иш үчүн ыраазычылык билдирип, ден- соолук, бакубат турмуш, бакты-таалай жана Сиздердин бардык башталыш иштериңизге ийгиликтерди каалайм.
Төрага Н.К. Шайлдабекова
