Башкы Жаңылыктар КР БШК бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө

КР БШК бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө

01-Фев, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, 2005-жылдын күзүндө Венгрияда өткөн Шайлоолорду уюштуруучулардын глобалдуу конферениясында бекитилген Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө. Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча кесипкөйлөр, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө аркылуу адамдардын көңүлүн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана шайлоо процесстерин эң кеңири мааниде өркүндөтүү көйгөйлөрүнө бурууну максат кылышкан.

Демилгечилердин пикири боюнча, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө датасы кокусунан эле тандалган эмес. Так ушул күнү мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери шайлоолор боюнча эң көп эл аралык келишимдерге кол коюшкан экен.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн өткөрүүнүн негизги максаттары болуп, коомчулуктун аң сезиминде демократиялаштыруу процессинин кайталангыстыгын бекитүү, коомчулукту шайлоо процессиндеги жетишкендиктер менен кабардар кылуу, жаш шайлоочуларда демократиялык баалуулуктарды жактоочулукту калыптандыруу эсептелет.

Калыптанып калган салттар боюнча, Шайлоолор күнүн майрамдоо максатында, 1-февралда КР БШК мектеп окуучулары жана студенттер үчүн “Ачык эшиктер күнүн” өткөрөт, ал жерде “Шайлоолор – бул эмне жана алар эмне үчүн маанилүү?” темасында ачык лекция окулат.

Ошондой эле имарат ичине экскурсия өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аппараттын иши менен таанышып, аларды кызыктырган суроолорго БШК мүчөлөрүнөн жооп ала алышат.

Бул иш-чаранын негизги максаты – өлкөбүздүн жарандарынын аң-сезиминде шайлоонун негизги демократиялык принциптерин жана жоболорун түптөө, жаш шайлоочулардын түздөн-түз же Конституция тарабынан кепилденген демократиялык эркиндиктерин ишке ашыруу менен эркин шайланган өз өкүлдөрү аркылуу мамлекетти башкаруудагы өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана түшүнүүсү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>