2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 17-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

28 января 2018

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 17.00гө карата 39 181 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 44,97 пайызын түзөт. 11 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 87 132 шайлоочу киргизилген.

Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Араван районундагы Юсупова айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 17.00гө шайлоочулардын 53,12 пайзы добуш беришти, ошондой эле Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоодо 12 238 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 50,2 пайзын түзөт.

Шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Таш-Көмүр шаарында саат 17.00гө 8 597 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын 43,73% түздү.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине шайлоодо 850 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 40,94 пайызын түздү. Ал эми Кара-Суу районун Ак-Таш айылдык кеңешинде 2 144 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 46,41 пайызын түзөт. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын тизмесиндегилердин 36,72 пайызы добуш беришти.

Кемин районундагы Кара-Булак жана Жаңы-Алыш айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын 39,48% жана 38,31% добуш беришти.

Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде жана Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңештеринде шайлоочулардын саат 17.00гө карата келүүсү 36,73% жана 34,41 пайызды түздү.

Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү саат 17.00гө карата Кара-Булак айылдык кеңешинде байкалык, шайлоочулардын келүүсү 28,97 пайызды түздү.

Шайлоолор тынч абалда өтүп жатат, арыз жана даттануулар катталган жок. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001
Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2018-жылдын 28-январында 11 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 2 шаардык жана 9 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 211 депутат шайланат, анын ичинен 62 шаардык кеңештерге жана 149 айылдык кеңештерге шайланат. Добуш берүү 56 шайлоо участкаларында өтүп жатат.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү