2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
27 января 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 27-январында, 2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 624 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 583 шайлоочу добуш берди. 41 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере алган жок. Анын ичинен 10 шайлоочунун паспорту жок, 17 шайлоочу үйдө болбогондугуна байланыштуу, 3 шайлоочу шайлоочулардын тизмесинен чыккан эмес, 7 шайлоочу идентификациядан өтпөгөндүктөн, 4 шайлоочу башка себептер менен добуш бере алышкан жок.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
