2018-жылдын 18-мартында өтө турган Россия Федерациясынын Президенттик шайлоосуна Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды жиберүүнү караштырууда

26 января 2018

2018-жылдын 26-январында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Крутько менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Россия Федерациясында өтө турган мамлекет башчысынын шайлоосуна эл аралык байкоочу катары катышуу тууралуу талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, төрага Н.Шайлдабекова КР БШК ЭККУ/ДИАУБ, КМШ, ШКУнун алкагында эл аралык байкоочуларды, ошондой эле эки тараптуу негизде байкоочуларды жиберүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү