Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтөт
26 января 2018
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы №3 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоосу өтөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №13 Жарлыгынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин, Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт.
Жергиликтүү кеңештин депататтарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында 29 шайлоо округу жана 56 шайлоо участкасы уюшулган.
Шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык кеңеште жана 9 айылдык кеңеште өтөт. Баардыгы 211 депутат шайланат. Алар 149- айылдык кеңештин депутаттары жана 62 шаардык кеңештин депутаттары. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган (айылдык кеңешке 453 депутаттыка талапкер жана шаардык кеңешке 797 депутаттыка талапкер).
Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 87 132 шайлоочу киргизилген.
Шайлоо күнү добуш берүү 2018-жылдын 28-январында саат 08:00дон саат 20:00 го чейин участкалык шайлоо комиссияларында өткөрүлөт.
Бүгүн, участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүп атышат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
