КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
25 января 2018
2018-жылдын 25-январында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Токтогул, Ноокат, Сокулук жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:
-Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешиндеги Э. Абдуллаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Тажибаев атындагы орто мектебинин мугалими Б. Мураталиевге өткөрүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Матиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер К. Артыкбаевге өткөрүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешиндеги А. Байсабаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –“Мөл-Булак” дыйкан чарбанын мүчөсү З. Кулманбетовго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешиндеги И. Ташматов депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ош аэропорту коопсуздук кызматынын инспектору А. Адимовго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Хайдаралиевдин ыйгарым укуктары токтотулду, аталган округда кийинки талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу, мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин мандат бош турат;
-Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешиндеги Х. Хизриев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – дыйкан чарба мүчөсү А.Курмангомедовго өткөрүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылдык кеңешинде айыл өкмөт башчысы болуп шайланганга байланыштуу А. Айтбосуновдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Каракол токой чарбасынын токойчусу Ш. Джаныбековго өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү