КР БШК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
25 января 2018
2018-жылдын 25-январындагы КР БШКнын отурумунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Парпиев Мамадалы Эргашович өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 13-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Т. Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
