КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
25 января 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 28-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Алар, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Шарлот Адриаэн жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор бөлүмүнүн менеджери Фатима Буссаид.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
