КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
24 января 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 28-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Алар, Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин өкүлү Пак Сунджин жана Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин менеджери Мо Джиын.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
