КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

24 января 2018

2018-жылдын 24-январындагы КР БШКнын отурумунда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысы  Б. Кадыров өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга  байланыштуу 2018-жылдын 12-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү