КР БШК Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандатты өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
24 января 2018
2018-жылдын 24-январында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:
-Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» саясий партиясынан У. Жаанбаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге - Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун Нарын областтык өкүлчүлүгүнүн директору М. Жолдошбековго өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
