Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты А. Дюшалиевге берилди

24 января 2018

2018-жылдын 24-январында КР БШКнын отурумунда “Республика-Ата-Журт”  саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер  Дюшалиев Абдыбек Кашымбековичге берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-январында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаты Бабанов Омурбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү