Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Т.Бабановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
19 января 2018
2018-жылдын 19-январына КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаты Бабанов Омурбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О. Бабановдун депутаттык күбөлүгү 2018-жылдын 19-январынан тартып жараксыз деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О. Бабановдун депутаттык күбөлүгү 2018-жылдын 19-январынан тартып жараксыз деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
